Футбол боюнча Кыргызстан улуттук курама командасы келерки оюндарга катышуу үчүн Башкы машыктыруучу 25 оюнчуну чакырды. Бул тууралуу Футбол Федерациясынан билдиришти.
Александр Крестининдин жетекчилиги алдындагы Улуттук кураманын машыктыруучулар штабы 2-7 сентябрда Бишкекте өтө турган «Үч Улут Кубогу» достук турнирине даярдык көрүү үчүн окуу-машыгуу жыйындарына чакырыла турган оюнчулардын тизмесин аныктады.
Эске сала кетсек, бул турнир Кыргызстан Улуттук курамасынын Азия Кубогу 2023 тандап алуу оюндарына болгон даярдыктын алкагында өтөт.
Окуу-машыгуу жыйындары 23 августта старт алат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн