Аламүдүн районундагы ГЭС-5 суусуна чөгүп кеткен 2 жигиттин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 23-август күнү ГЭС-5 айылындагы көлмөгө 1998-жылы төрөлгөн эки эркек киши чөгүп кеткен.
Бүгүн, 24-августа издөө иштерин улантуу максатында 8 куткаруучу тартылып, саат 11:50дө куткаруучулар 2 адамдын жансыз денелерин табышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Белгилей кетсек, буга чейин ГЭС-5 суусуна 1998-жылы туулган А.М. жана С.Х. түшүп кеткени айтылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн