Бугу 16, 2024
Убакыт: 07:50
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Галина Байтерек Үңкүр-Тоого байланыштуу түшүндүрмө берди

13.03.2021 16:08
1074
Галина Байтерек Үңкүр-Тоого байланыштуу түшүндүрмө берди

Президенттин аппаратынын маалымат саясат бөлүмүнүн башчысы Галина Байтерек Үңкүр-Тоо боюнча түшүндүрмө берди.  Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жазды.


"Урматту достор! Унгар-Тоо маселеси боюнча түшүндүрмө.


Социалдык тармактарда Унгар-Тоо аймагына байланыштуу теманын активдүү талкуусуна байланыштуу, аталган маселе боюнча тактоо киргизип кетким келет.


Унгар-Тоо ар дайым кыргыздын жери болгон, бирок көп жылдардан бери белгилүү болгондой, бул тилке эки өлкөнүн чек ара аймактарынын жергиликтүү тургундарынын ортосунда талаш-тартышты жана чыңалууну жаратып келген.


Жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө өзбек тарап мындан ары Унгар-Тоо талаштуу аймагын талап кылбоого даяр экендигин билдирди. 


Өз кезегинде, биздин тарап Кыргызстандын аймагында жайгашкан Сох анклавына мамлекеттик чек ара аркылуу эркин өтүү үчүн транспорттук жана аба байланышын ачууга даяр экендигин билдирди.


Кыргыз жана өзбек эли бир тууган, эзелтен эриш-аркак жашап келген, ошондуктан мамлекет башчылары мамлекеттер ортосунда айрыкча чек ара темалары боюнча талаш маселелер болбошу керектигин белгилешти",- деп жазылат маалыматта.


Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
таа
кыргыздын жери болгон болсо озбек тарап еч нерсе бизге бербептир да келишиминде