Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 13:32
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Галина Байтерек Жапаровдун Баткенге болгон сапарында ЖМК өкүлдөрү чакырылбаганын айтты

07.05.2021 13:28
850
Галина Байтерек Жапаровдун Баткенге болгон сапарында ЖМК өкүлдөрү чакырылбаганын айтты

Кечээ, 6-майда президент Садыр Жапаровдун Баткен облусуна болгон иш сапары менен барып келди. Аталган иш сапарга эмне себептен журналисттер чакырылбаганын президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек түшүндүрдү.


Анын айтымында, Баткен облусуна болгон иш сапар акыркы учурда эле чечилген.


Текст өзгөртүүсүз берилет:


"Урматтуу кесиптештер, кымбаттуу журналисттер, ЖМК өкүлдөрү. Президент Садыр Жапаров Баткен облусуна болгон иш сапарында кыргыз-тажик чек арасындагы болгон жаңжалда жабыркаган айылдардын тургундары менен жолугушуп келди, иш сапар жыйынтыкталды. Бул иш сапар боюнча алдын ала жалпыга маалымдоо каражаттарына кабарланбагандыгы, иш сапарга журналисттерди кошо алып барбагандыгы жөнүндө суроолор жаралууда.


Урматтуу кесиптештер, Баткен облусуна иш сапар акыркы моментте эле чечилди. Тажикстан менен чек арада болгон акыркы окуяларда жабыркаган баткендиктер менен жолугушууну пиар үчүн же публика үчүн болгон жок деп айтсак болот. Мында башкы максат жергиликтүү тургундар менен көзмө-көз сүйлөшүү болчу.


Ошондой эле бул жеке жолугушуу болгонун айта кетейин. Садыр Нуркожоевич үчүн баткендиктер менен ачык сүйлөшүү, алардын көкүрөгүндөгү көйгөйлүү маселелерин угуу маанилүү эле. Албетте, бул жолугушуу оңой болгон жок. Бардык эмоцияларды эле көрсөтүп, бардык кайгы-капалар жалпы элге чыгарылбашы керектигин түшүнөсүздөр деп ойлойм. Ошону менен бирге бардык эле адамдар, анын ичинде мындай кыйын кырдаалды башынан өткөргөндөр видеого түшүүнү каалашкан жок, көптөгөн журналисттердин көз алдында камералардын астында ачылып сүйлөй да алышмак эмес.


Жалпысынан сапар абдан маанилүү, керектүү жана жемиштүү болду. Чын ниеттен сөздөр ачык айтылды. Тилекке каршы, жолугушуунун жүрүшүндө түшүнбөстүктөр болуп кетти.


Белгисиз жаштар пайда болуп, чыр-чатактуу кырдаалды козутууга аракет кылышты. Ал айылдын тургундары бул жаштарды тааныбай турганын айтып, аларды бул теманы башка өңүткө бурмалабоону өтүнүштү.


Азыр "хайп" кыла турган убак эмес, учурдагы эң маанилүү маселе - чыр-чатактарды токтотуу эле эмес, жаңжалды бирото кайталанбашы үчүн бардыгына аракет кылуу. Жабыркагандарга жардам көрсөтүү, алардын муктаждыктарын чечүү, талкаланган айылдарды калыбына келтирүү милдеттери турат. Элибиз өздөрүн коопсуз сезиши керек. Бул багытта иштер жигердүү жана масштабдуу жүргүзүлүп баштады.


Урматтуу достор жана кесиптештер, сиздерди мындай абалды түшүнөт деп ишенем, ошондой эле Тажикстан менен чек арадагы болгон окуяларды объективдүү чагылдыруу боюнча жасаган иштериңер үчүн, Кыргыз Республикасынын позициясын, кыргызстандыктардын кызыкчылыгын коргоону улантканыңар үчүн терең ыраазычылык билдирем! Эгерде сиздердин жардамыңар, колдооңор, кесипкөйлүгүңөр жана берилгендигиңер болбосо, маалыматтык чабуулдардын мизин кайтаруу өтө кыйын болмок", - деп жазган маалымат катчы Фейсбуктагы баракчасына.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн