Бугу 18, 2024
Убакыт: 10:30
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

“Гаваи” кафесиндеги мушташ боюнча 2 кишиге кылмыш иши козголду (видео)

17.06.2020 18:26
1176
“Гаваи” кафесиндеги мушташ боюнча 2 кишиге кылмыш иши козголду (видео)


Токмок шаарындагы “Гаваи” кафесиндеги мушташ боюнча 2 кишиге кылмыш иши козголду. Бул тууралуу “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, 14-июнь күнү болжол менен саат 10:19да Ысык-Ата районунун ИИБине денсинен жаракат алган киши бейтапканага түшкөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн. Милиция кызматкерлери барганда ал 53 жаштагы Х.Р. экени аныкталган.


Аталган факт боюнча 234-берене (ээнбаштык) боюнча кылмыш иши ачылып,  окуя14-июнь күнү түнкү саат 00:30 чамасында болгону аныкталган. Анда 35 жаштагы Т.Б. менен 45 жаштагы Д.Т. мас абалында 53 жаштагы Х.К., 50 жаштагы К.И., 58 жаштагы М.А. жана 23 жаштагы Х.К. аттуу жарандардын денесине ар кандай жаракаттарды келтиргени аныкталган.


Ошол эле күнү шектүү жарандар кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилген жана соттун чечими менен үй камагына ыгарылган. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки тергөө иштери жүрүп жатканы айтылат.

 

Белгилей кетсек, Токмок шаарындагы Гаваи” кафесинде массалык мушташ орун алганы тууралуу видео социалдык тармакта тараганы айтылган.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн