Бугу 05, 2024
Убакыт: 00:05
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Георадардын керемети: байыркы шаардын келбети да, картасы аныкталды

09.06.2020 16:17
880
Георадардын керемети: байыркы шаардын келбети да, картасы аныкталды

Бельгиядагы Гент университетинин жана Улуу Британиядагы Кембридж университетинин илимпоздору археологиялык казууларсыз эле георадардын жардамы менен жер алдында калган байыркы этрусстук Фалерии-Нови шаарын сканерлеп, картасын түзүштү деп маалымдады Новости Mail.ru.


Римден түндүк-чыгыш тарапта 50 чакырым алыстыкта жер алдында калган Фалерии-Нови шаары биздин доорго чейинки 241-жылы негизделген жана болжол менен биздин доорго чейинки 700-жылга чейин ал жерде умбралар менен сабиянелер сыяктуу аралаш улуттар жашаган.


Археологияда 20 жылдан бери колдонула баштаган георадар шаардын мончо комплекстери, базарлары, чиркөөлөрү, ал турсун суу түтүктөрүнүн системасы сыяктуу бардык курулуштарын аныктоого мүмкүндүк берди деп айтылат Antiguity журналына жарыяланган макалада. Сөз болуп жаткан чеп шаар 30,5 гектарга жакын аянтты ээлеген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн