Бугу 19, 2024
Убакыт: 10:38
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Германия Кыргызстандын 15 млн доллардай карызын бир шарт менен кечүүгө даяр

16.05.2022 08:51
2108
Германия Кыргызстандын 15 млн доллардай карызын бир шарт менен кечүүгө даяр

Германия Кыргызстандын 14 миллион 900 миң евро карызын кечет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.


Маалыматка таянсак, карызды кечүү үчүн Германия тарап бир шарт койду.

Кыргызстандын кирешеси аз жарандарына ипотекага үй алуусуна 2 жыл ичинде шарт түзүп берүүгө тийиш.

“Биздин Финансы министрлигибиз Мамлекеттик ипотекалык компанияга ар 8 ай сайын 5 миллион евродон которуп турушу керек. Ипотекалык үйдү Бишкек менен Ош шаарынан башка жакта жашаган бардык жарандар алууга укуктуу”, - деп жазды Бекешев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн