Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 08:07
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

Германиядан грант алып берем деген аял алдамчылыкка шектелүүдө

27.01.2024 14:30
375
Германиядан грант алып берем деген аял алдамчылыкка шектелүүдө


Бишкекте алдамчылыкка шектүү аял кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Милициянын маалыматына караганда, 2023-жылдын апрелинде Э.К.аттуу жаран арыз менен кайрылып, анда Х.Н. аттуу жаранга карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Шектүү арыз ээсинин ишеничине кирип, акчаңды эки эсе көбөйтүп, Германиядан грант алып берем деп 230 миң сомун алып, белгисиз тарапка качып кеткен. Окуя 2022-жылдын июль айында болгон.

Аталган факт боюнча Тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине ("Алдамчылык") ылайык кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө окуяга шектүү делип 1966-жылы туулган Х.Н. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргзилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн