Бугу 06, 2024
Убакыт: 05:50
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Германиянын Федералдык президенти Кыргызстанга расмий сапар менен келет

19.06.2023 16:35
340
Германиянын Федералдык президенти Кыргызстанга расмий сапар менен келет


Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер 21-23-июнда Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

"Сапардын алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр пландаштырылууда.

Мамлекет башчылары кыргыз-герман эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуу маселелеринин кеңири спектрин талкуулашат, ошондой эле достук жана өнөктөштүк маанайдагы өз ара мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин белгилешет", - деп билдирди Муратбек Азымбакиев.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн