Бугу 17, 2024
Убакыт: 08:39
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Германиянын Knauf компаниясы Кыргызстанда гипс иштетүүчү завод курат

29.09.2023 12:20
681
Германиянын Knauf компаниясы Кыргызстанда гипс иштетүүчү завод курат


Курулуш материалдарын чыгаруу боюнча дүйнөгө белгилүү Knauf компаниясынын Кыргызстанга завод куруусу каралууда. Бул туурасында президент Садыр Жапаровдун Германиядагы сапарынын алкагында аталган компаниянын жетекчилери менен болгон жолугушууда белгилүү болду.


Президенттин маалымат кызматы мамлекет башчы Кыргызстандын ортосундагы кызматташуу маселелерин талкуулоо мүмкүнчүлүгүн, алардын өлкөдө курулуш материалдарын чыгаруучу завод ачууга ниеттенип жатканын канааттануу менен белгилегенин билдирди. Президенттин айтымында, Кыргызстан Германиянын Knauf сыяктуу ири компанияларынын өлкөгө келишине кызыкдар.


Жапаров кыргыз тарап Ош, Чүй облустарында гипсти кайра иштетүү мүмкүнчүлүгү менен курулуш материалдарын чыгаруучу завод куруу долбоорун ишке ашырууга даяр экенин билдирген. Мындан тышкары, компаниянын кремний жана каолин кендерин иштетүүгө кызыгуусун колдоого жана зарыл жардам көрсөтүүгө даяр экенин белгилеген.


Knauf компаниясынын башкаруучу өнөктөшү Уве Кнотцер Жапаровго компаниянын Кыргызстандын түндүгүндө гипсти кайра иштетүүчү завод курууга, ошондой эле жалпысынан өлкөдө компаниянын өндүрүшүн жайгаштырууга кызыкдар экендигин айтып берген.


"Сүйлөшүү учурунда компания биринчи этапта логистикада гипстин жеткиликтүүлүгүн эске алуу менен өлкөнүн түндүгүндө биринчи заводду курууну пландаштырууда. Келечекте Кыргызстандын түштүгүндө экинчи заводду куруу мүмкүнчүлүгү каралат", — деп айтылат маалыматта.


Жолугушуунун жыйынтыгында президентке караштуу Инвестиция боюнча улуттук агенттик менен Knauf компаниясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн