Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 22:35
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Гей-парад уюштуруу кыргыз элин экиге бөлөт

05.03.2020 15:50
811
Гей-парад уюштуруу кыргыз элин экиге бөлөт

 

Учурда күйөөсүнөн зомбулук көргөн аялдар, атүгүл күйөөсүнүн токмогунан көз жумган окуялар байма-бай катталып жатат жана аялдардын укугу Кыргызстанда эң көйгөйлүү маселеге айланды. Бул тууралуу 5-мартта “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигинде өткөн жыйында “Аяр зат” коомдук бирикмесинин төрайымы Чынара Мамажакыпова билдирди.


“Учурда аялдар укугу Кыргызстанда эң көйгөйлүу маселе болуп жатат. Аялдардын укугун коргогон уюмдар өзүлөрүнүн түз милдетин аткарбастан, саясат менен алектенип кетишти. Феминал фестивалын өткөрүү же “гей-парадтарды” уюштуруу кыргыз элин эле экиге бөлбөсө, аялдардын проблемасын чечпейт.  Мындай иш-чаралар кыргыз элинин менталитетине туура келбейт. Себеби кыргыз эли байыртадан бери аялзатын урматтап, сыйлап келген”, - дейт Чынара Мамажакыпова.


Ошондой эле Мамажакыпова “Аяр зат” коомдук бирикмеси кызматташабыз деген ар бир адамга эшиги ачык экенин кошумчалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн