Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 08:24
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Гилас кандай ооруларга пайдалуу?

11.07.2024 09:13
194
Гилас кандай ооруларга пайдалуу?


Гиластын пайдалуулугу жогору болгондуктан, аны дарыгерлер ден соолукту чыңдоочу каражаттардын бири катары колдонуп келишкен. Анын курамында калий, кальций, темир, жез, марганец, йод, фосфор баш болгон элементтер жана С, РР, В1, В3, В6, Е, К, В, Р, А витаминдери бар. Гиласты көп жеген адамдын терисинин абалы жакшырат. Себеби, ал организмдеги керексиз калдыктарды чыгарып, шлактардан тазалап, тамакка болгон табитти ачат. Гиластын бир күндүк нормасы 300 грамм.


Кан басым жогорулаганда


Гипертония менен ооругандар күн сайын 100 граммдан гилас жеп турса, көтөрүлүп кеткен кан басымы калыбына келет. Гиластын курамындагы флавоноид кандын айлануусун жакшыртып, пайда болгон тромбдорду жок кылат. Ошондуктан кан басымы жогоруларга жана тез-тезден көтөрүлө бергендерге гилас сунушталат.


Аз кандуулукта


Гиластын курамындагы темир канды кычкылтек менен камсыздоо менен бирге тез чарчоодон арылтат.


Ич катканда


Ич катып кыйналганда тамактангандан жарым сааттан кийин 100 граммдан гилас ширесин ичиңиз.


Жөтөлгө


Гиластан компот жасап, аны жылуу түрүндө ичүү керек. Бул какырыкты чыгарып, дем алууну жеңилдетет. Компот жасоого убактыңыз жок болсо, ширесин ичиңиз.


Тери ооруларына


Экземада, псориазда жана безеткиде гилас жакшы жардам берет. Аны дерматологиядан тышкары косметологияда да кеңири колдонушат. Бет кургап, түлөгөн маалда 1 чай кашык каймакка 2 аш кашык гиластын ширесин аралаштырып бетке жаап, жарым саат кармоо керек.


Бөйрөгүндө ташы барларга


70-80 грамм кургатылган гиласка 2 стакан кайнак суу куюп, жай отко 15 мүнөт кайнатасыз. Эми аны бир күндө 3-4 маал тамактанарга жарым саат калганда жарым стакандан ичип туруу керек. Тамакка табити жокторго, ашказанында жарасы барларга жана гастрит оорусу менен ооругандарга дагы ушул ыкма сунушталат.  


Булак: "Азия Ньюс" гезити

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн