Бугу 20, 2024
Убакыт: 14:09
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Гипермаркеттерде антисептиктер чектөөдөн кымбат сатылууда

20.03.2020 09:02
680
Гипермаркеттерде антисептиктер чектөөдөн кымбат сатылууда


Бишкек шаарынын мэри, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын жетекчиси жана Ички иштер башкы башкармалыгыны жетекчиси доллардын кымбаттоосуна байланыштуу гипермаркеттеги бааларды текшерди. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, рейд 19-март күнү жүргөн, анда Токомбаев көчөсүндөгү “Глобус” гипермаркетине текшерүү жүргүзгөн учурда колго себүүчү антисептиктерге бааны нормасынан кымбат койгонун белгилүү болгон. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы тартип бузуну өз көзөмөлүнө алган.


Ошондой эле, дарыканаларга да байкоо жүргүзүп, медициналык бет каптарга жана колду тазалоочу каражаттарга суроо талап көп экени аныкталган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн