Жетинин айы 25, 2024
Убакыт: 03:31
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

«Гознак» ишканасы Стратегиялык объектилердин тизмегине киргизилет

21.12.2021 09:14
457
«Гознак» ишканасы Стратегиялык объектилердин тизмегине киргизилет

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Мамлекеттик маанидеги документтерди жана атайын мамлекеттик бланктарды даярдоонун маселелери жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат саясат бөлүмү билдирди.


Жарлык Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик маанидеги документтерди даярдоону камсыз кылуу, мамлекеттик маанидеги документтерди жана атайын мамлекеттик бланктарды даярдоо боюнча мамлекеттик үлүшү бар жергиликтүү ишканалардын (компаниялардын) ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле мамлекеттик маанидеги документтерди жасалмалоону жана фальсификациялоону болтурбоо максатында жарыяланды.


Жарлыкка ылайык, уставдык капиталындагы 65% салымы мамлекетке таандык болгон «Гознак» жоопкерчилиги чектелген коому Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары жерлерде мамлекеттик маанидеги документтерди, Кыргыз Республикасынын жаранынын инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтердин бланктарын жана Кыргыз Республикасынын атайын мамлекеттик бланктарын, анын ичинде так эсептеги жана отчеттуулуктагы документтердин бланктарын даярдоочу болуп аныкталды.


 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгиленген тартипте тапшырылат:


— «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук типтеги паспортторунун жана Кыргыз Республикасынын улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрүнүн бланктарын даярдоого жана (же) персонификациялоого бул Мыйзамды жайылтпоо бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоорун эки айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого киргизсин;


— «Гознак» жоопкерчилиги чектелген коомун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегине киргизсин.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн