Ысык-Көл облусунун Григорьевка айылындагы жалгыз бой эне Мейизгүл Корголдоевага айыл жаштары 2 бөлмөлүү турак жай курууда.
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришкендей, үй айылдын 1985-жылкы жаштарынын демилгеси менен курулууда
Ысык-Көл районунун баш имам-хатиби Максат ажы Сейталиевдин айтымында, демилгени айыл жаштары көтөрүп, ысырапкорчулукка жол бербестен кайрымдуулукка жумшоо чечимин кабыл алышкан.
“Мына ушундай үлгүлүү жаштарыбыз көбөйүп, өсүп келе жаткан муундарга түрткү берсин”, - деди ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн