Бугу 07, 2024
Убакыт: 13:18
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили Садыр Жапаровго дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына карата куттуктоо кат жолдоду

11.07.2022 09:47
687
Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили Садыр Жапаровго дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына карата куттуктоо кат жолдоду


Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгына карата куттуктоо кат жолдоду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

“Ушул майрамдык күнү биз өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достук мамилелерди чыңдоо жана тереңдетүү үчүн бир катар маанилүү кадамдарды жасайбыз деген ишенимди билдирем”, - деп айтылат куттуктоодо.

Саломе Зурабишвили Садыр Жапаровго мамлекеттик ишмердигине ийгиликтерди, ал эми дос кыргыз элине тынчтык, ден соолук жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн