Бугу 12, 2024
Убакыт: 01:31
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Гүлбара Калиева: УКМК мага карата каршы көрсөтмөлөрдү күбөлөрдү коркутуп алган болушу мүмкүн

29.12.2020 16:32
710
Гүлбара Калиева: УКМК мага карата каршы көрсөтмөлөрдү күбөлөрдү коркутуп алган болушу мүмкүн

Жогорку соттун төрайымына байланыштуу айтылып жаткан иш боюнча кармалган кызматкерге карата Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте  басым көрсөтүлгөн. Бул тууралуу 29-декабрда "Азаттык" үналгысынын берүүсүндө Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева билдирди.


Калиева атайын кызмат ага карата айтып жаткан айыптоону күбөлөргө басым жасоо менен алган болушу ыктымалдыгын белгиледи.

«22-октябрда «Адилет соттун» жетекчиси камакка алынды. Менде анын үн менен жөнөткөн маалыматы бар. Ал «Мени биздин келишимдерден сиз акча каражатын алгансыз деп айтууга мажбурлап жатышат» деп айтып жатат. Басымды УКМКнын кызматкерлери жасаганын айтты. 37-жыл буга чейинки кылымдын «кара барагы»-,- деди Калиева.


Мен 37-жыл деп айткым келбейт. Бирок камакка эмне үчүн алат? Камакта болгондо адамга психологиялык, физикалык кысым көрсөтүп, анан чыгарат. Аны бир айча кармашты. Мүмкүн, мага койгон айып алардын көрсөтмөсү боюнчадыр.


Бирок, көрсөтмөлөр басым менен алынган. Себеби аны УКМК бир айдан кийин кайра өзү суранып, камактан чыгарды.


Ошондой эле Калиева бир да документке кол койбогонун, УКМК анын өзү менен байланышпаганын билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн