Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 12:39
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Гүлнара-Клара Самат Мамдумага аттанган Кубанычбек Кожоевди кабыл алды

16.05.2021 15:40
1167
Гүлнара-Клара Самат Мамдумага аттанган Кубанычбек Кожоевди кабыл алды


Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Гүлнара-Клара Самат Бүткүл Россиялык "Кыргыз Конгресси" Коомдук Уюмунун Президенти Кубанычбек Кожоевди кабыл алды.


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Россиядагы мекендештердин эне тилин жана маданиятын сактоо, мигранттарды орус коомуна интеграциялоо жана адаптациялоо үчүн маданий борборлорду түзүү, кыргыз жаштарынын келечеги, билим берүү, спорт жана искусство, мигранттардын эмгек жана социалдык укуктарын коргоо сыяктуу маселелерди талкуулашты.


Мааылматка ылайык, тараптар эки тараптуу маданий-гуманитардык мамилелердин кызыкчылыгы үчүн өз ара аракеттенип, 2021-жыл менен тушташ биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү макулдашышкан.


Мындан тышкары, К.Кожоев элчиге Россиянын 80 шаарындагы Кыргыз Конгрессинин учурдагы иши жана "Единная Россия" партиясы менен өз ара аракеттери жөнүндө маалымат берди.


Жолугушуу учурунда "Кыргыз Конгрессинин" мааниси жогору экени, анын кыргыз диаспорасынын коомдук уюмдарынын ортосундагы координациялык ролу белгиленди.


Партиянын колдоосунун менен эгемендүүлүктүн 30 жылдык тарыхында биринчи жолу кыргыз этносунун өкүлү Россиянын Мамлекеттик Думасына шайлануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Элчи Г-К.Самат Кубанычбек Кожоевге алдыдагы шайлоодо ийгилик каалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн