Бугу 13, 2024
Убакыт: 13:17
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Гүлшаркан Култаева, ЖК депутаты: “Зөөкүрлөрдү ыкчам жазалоого мүмкүндүк бере турган мыйзамдарды кабыл алалы”

10.10.2023 09:11
1034
Гүлшаркан Култаева, ЖК депутаты: “Зөөкүрлөрдү ыкчам жазалоого мүмкүндүк бере турган мыйзамдарды кабыл алалы”


- Гүлшаркан Оконовна, Жогорку соттун төрагасы зордуктоого карата пробациялык көзөмөлдү алып салууну сунуштоодо. Сиз бул сунушка кандай карайсыз?


- Туура сунуш. Пробацияны оор кылмыштарга, айрыкча жашы жетпеген балдарга карата жасалган кылмыштарга такыр колдонууга мүмкүн эмес да. Биз үй-бүлөлүк зомбулук боюнча мыйзамдарга өзгөртүү киргизип жатабыз. Мына ошол жерде да пробация кайсы жерде колдонулуп, кайсы жерде колдонулбашы керектиги так жазылды. Мурда мыйзамдар өтө оор болуп, жеңил кылмыш жасагандар дагы камалып, пробацияга зарылчылык келип чыккан болчу. Азыр болсо ал оор кылмыштарга да колдонулуп кетип жатканын практика көрсөттү. 


- Жакында эле Бишкекке жакын жердеги Селекционный айылында үрөй учурган окуя болбодубу? Бир киши мурдагы аялынын кулак, мурдун кесип салган. Ал зөөкүр да мурда соттолуп, пробация менен бошоп чыккан экен... 


- Бир жагынан биздин кайдыгерлик дагы ошого түрткү берип жаткандай. Ал аял укук коргоо органдарына кайрылган экен. Алар ыкчам чечим кабыл алышса болмок да. Ошон үчүн биз зөөкүрлөрдү ыкчам жазалоого мүмкүндүк берүүчү мыйзам долбоорлорун коркпой эле кабыл алып беришибиз керек. Бул мезгилдин талабы болуп жатат. 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн