Бугу 20, 2024
Убакыт: 11:20
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Гүлжигит Алыкулов: “Кайратта” жакшы кабыл алышты

22.04.2020 09:09
1428
Гүлжигит Алыкулов: “Кайратта” жакшы кабыл алышты


Гулжигит Алыкулов 2019-жылы Улуттук курамда жана Белорустун “Неман” клубунда өзүнүн чеберчилигин көрсөтүп, кыргыздын көзгө басар уулдарынын бири экенин жар сала алды. Футболчу талыкпаган мээнети менен өткөн жылы бир ган өлкөбүздүн биринчи командасына чакыруу алып тим болбостон, 2019-жылы Кыргызстандын мыкты футболчусу атыкты. Гүлжигит карантин учурундагы машыгуулары жана жаңы командасы кандай кабыл алганы тууралуу “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агентти суроо салып көрдү. 

 

Карантиндеги машыгуу


- Учурда физикалык форманы жоготпош үчүн карантинде өз алдымча машыгып, жекече даярдык көрүп жатам.


Гүлжигиттин карантин учурундагы машыгуусу 



 

Алматы шаары тууралуу


- Алматы шаарына көп деле чыга элекмин, мурун бала кезде көп эле келет элем, бирок анда анча деле билбейт болчум шаарды. Карантин бүткөндө шаарга чыгып кооз жерлери менен таанышам. Чоң жана баратурган жерлери көп деп айта алам.


“Кайрат” командасы тууралуу


-Кайратта жакшы кабыл алышты, себеби менталитетибиз бир. Балдар менен бат эле тил табышып аралашып кеттим. Мындан улам көнүшүп кетүү жеңил болду. Команданын мага жаккан жактары анын профессионалдулугу, тактыгы, өзүнүн ишине кесипкөйлүк менен мамиле кылганы, ар бири колдоо көрсөтүп турганы жана команданын ичиндеги атмосфера абдан жакты. Күчтүү команда өзүңү бир гана жакшы жагыңан көрсөтүшүң керек. Ал эми негизги курамда оюнга чыгуу үчүн жаныңы берип, жакшы ойноп эмнеге жөндөмдүү экениң көрсөтүп көп аракеттерди кылыш керек, ошондо гана өсүү жана жыйынтык болот. Мунун негизинде гана негизги курамга чыгууга болот.


Гүлжигиттин "Кайраттагы" алгачкы күндөрүнүн бири



Казак жана Белорус футболунун айырмасы

 

- Казакстандын чемпиондугунда 3 оюн ойнодум. “Неман” менен “Кайратты” салыштырсам казакстандык команда өйдө турат. Анткени Европа Лигасынын тандоо турларында ойноп жүргөн команда, ошон үчүн “Кайраттын” деңгээли бир аз бийик. Ал эми Белорус менен Казакстандын чемпиондугу бирдей эле болсо керек деп ойлойм. Эки өлкөнүн тең командаларынын арасында Чемпиондор Лигасына жана Европа Лигасына  чыккандар бар, бул жагынан окшош эле.


Гүлжигит "Кайраттын" курамында


 

Кыргыз футболунун дэңгээли


- Кыргыз Премьер лигасы өнүгүш үчүн көп командалар болушу керек. Атаандаштык канча күчтүү болсо Кыргыз футболу ошончолук бат өсөт жана жаңы ийгиликтерди багынтат.


Гүлжигиттин мыктылыгын тастыктаган сүрөт



Күйөрмандарга кайрылуу


- Азыркы оор учурда спорт сүйүүчүлөрүн үйдө карантинди сактоого жана үй шартында машыгууга чакырам. Убакытты туура нерселерге жумшап, үй-бүлөгө көбүрөөк көңүл буруу керек. Эң негизгиси сак, аман жана үйдө болуңуздар деп футбол сүйүүчүлөрүн, ошондой эле жалпы кыргыз элин чакырып кетем.


Гүлжигит Алыкулов улуттук курамдын 14, 16, 19 жашка чейинки командаларында ойноп келген. Ал эми Кыргызстандын биринчи командасына 2019-жылы чакыруу алып, июнь айында Палестина менен болгон оюнда алмашууга чыгып дебюттук беттешин өткөргөн.





Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн