Бугу 18, 2024
Убакыт: 11:21
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Гүлжигит Исаков: Садыр Жапаров, жекеге өтпөй түз жооп бериңиз!

28.12.2020 11:15
561
Гүлжигит Исаков: Садыр Жапаров, жекеге өтпөй түз жооп бериңиз!

Фейсбук колдонуучусу Гулжигит Исаков Садыр Жапаровдун билдирүүсүнө жооп берди. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбук баракчасына жазып чыкты.


"Садыр Жапаров,  Кумтөрдү көтөрүп келген адам катары  18 млрд.$дык алтын запасы турса деле "алтын калбай калды" деп айтканыңыз көптөгөн суроолорду  жаратууда. "Сабырдуу бол, президент боло элекмин" дейсиз...Анда СИЗ ДАГЫ  САБЫРДУУ БОЛУП,  "АЛТЫН КАЛБАЙ КАЛДЫ"  дебей турбайсызбы? 


Бирөө сизге  кыстап айттырдыбы же? 


Өзүңүз  айтып жүргөнсүз,  эң эле кеминде 953 тонна алтын запасы бар деп.  Азыр 300 тоннанын тегерегинде эле запас калды  деп расмий айтылууда. Расмий казылып кеткен алтын запасы  менен калдыкты кошо келсек, ОРТОДО АЙЫРМА  ЧЫГЫП КАЛУУДА! 


УКМКда  өз кишиңиз отурат.  Кыймылды дароо баштабайсызбы?  1-2  айда  жасайм деген убадаларыңыз бар болчу. Ошолорду баштаган жоксуз. Эмне үчүн? 


Булар түз суроолор. Түз жооп бериңиз жекеликке өтпөстөн. 


Куран кармап, публиканын алдында жооп берем  десеңиз, андан дагы жакшы болот.


P.S.: Кумтөрдө алтындан башка чыккан кен байлыктарды дагы айтып жүргөнсүз. Ошолорду дагы  чечиңиз.  Коруктун эсебинен  16 000 гектарга жакын жер  боюнча али сөз кыла элекпиз.  Ал жерде АЛТЫН БАР  жана БАШКА КЕН БАЙЛЫКТАР ДАГЫ БАР!", - деп жазат Исаков.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн