Түркмөнстандын президенти Сердар Бердимухаммедов өлкөнүн мурдагы президенти Гурбангулы Бердымухамедовго" Түркмөн калкынын улуттук лидери" деген наам ыйгарды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары кабарлады.
Маалым болгондой, Түркмөнстандын Халк Маслахаты (Элдик Кеңеш) деп аталып келген парламенттин жогорку палатасы жоюлду.
Ал расмий түрдө өзүнчө турган эң жогорку бийлик органы катары жарыяланып, өлкөнүн мурдагы президенти Гурбангулы Бердымухаммедов жетектей турган болду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн