Чын курандын 22, 2025
Убакыт: 14:26
USD
86.90
87.40
EUR
99.70
100.70
RUB
1.055
1.095

Гвардия бульварынын дагы бир бөлүгү жабылат

22.04.2025 10:01
26
Гвардия бульварынын дагы бир бөлүгү жабылат


22-апрелден тарта Жаш Гвардия бульварынын дагы бир бөлүгү оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу жабылат.


Муниципалитеттен билдиришкендей, Фрунзе көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгү (батыш тарабы) унаа кыймылы үчүн жабылат.


Белгилей кетсек, кесилиштер унаалар үчүн ачык болот. Чыгыш тарабында убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулат.


Мындан тышкары, бүгүнтөн тарта Жибек Жолу проспектисинин Буденный көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейинки бөлүгү (түштүк тарабы) да унаа кыймылы үчүн жабылат. Түндүк тарабында убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулат.


"Бишкек шаарынын мэриясы убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды өтүнөт жана жол тыгындарын болтурбоо үчүн каттамыңызды алдын ала пландап, мүмкүн болсо, жеке унаанын ордуна коомдук транспортту пайдаланууну сунуштайт",-деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн