UFC уюмунун мушкери Хабиб Нурмагомедовдун атасы Абдулманап Нурмагомедов каза болду. Бул тууралуу Чечнянын башчысы Рамзан Кадыров билдирди.
Маалыматка караганда, Абдулманап Нурмагомедов коронавируска чалдыккандан кийин абалы оор экени айтылган. Дарт башка ооруларды да козгоп жиберген. Россиянын эмгек сиңирген машыктыруучусу коронавирустан 19-июнда сакайган. Бирок башка өнөкөт оорулары козгоп, жандандыруу бөлүмүндө жаткан болчу.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн