Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 11:38
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Халмиондогу соодагерлерди алдап, издөөдө жүргөн жаран кармалды

14.02.2022 18:11
510
Халмиондогу соодагерлерди алдап, издөөдө жүргөн жаран кармалды



Кадамжай районунундагы Халмион айылындагы “Баяман-Баатыр” базарындагы сатуучуларды алдап, издөөдө жүргөн жаран Халмион айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад шаарынан аныкталып кармалып келди. Бул тууралуу  Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.


Жалалабад облусунун тургуну кылмышка шектүү 49 жаштагы Т.Г. базарда соода кылган сатуучулардан алдамчылык жолу менен иш жүргүзүп келген, тагыраак айтканда анын үстүнөн 12 арыз келип түшүп, арыздануучуларга жалпысынан 310миң сом зыян келтирген. Тергөө иши Кадамжай райондук сотуна жөнөтүлүп, сот жообуна тартылуудан качып, 3 айдан бери издөөдө жүргөн.


Азыркы кезде кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн