Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 09:33
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Хиджама коронавируска жана пневмонияга чын эле жардам береби? Адистин жообу

14.07.2020 15:09
2303
Хиджама коронавируска жана пневмонияга чын эле жардам береби? Адистин жообу

Социалдык тармактарда хиджама кылдыруу коронавируска жана пневмонияга каршы мыкты чара экени айтылууда. Мындан улам “Sunnamedicine” клиникасынын хиджама боюнча  адиси Бекжан Турабеков бул ыкманын пайдалары менен бөлүштү. 


Анын айтымында, бейтаптардан жана башка адамдардан ушул суроо өтө көп келип түшүүдө.


Хиджама коронавирус менен ооруган бейтапка кантип жардам берет?

1. Азыркы учурда COVID- 19 менен жабыркагандардын көпчүлүгү депрессия болуп өздөрүн өздөрү алсыратып жатат. Хиджама дофамин жана энкефалин аттуу БАВ бөлүнүп чыгуусун шарт түзүп маанайыңызды көтөрөт. Жыйынтыгында адам эс алып, депрессия кетет.

2. Азыркы учурда эң коркунучтуу учур "вирустуу пневмония". Бул пневмониянын түрүндө эч кандай дары жардам бербейт. Адамдын өзүнүн организми гана күрөшөт. Хидажама организмдин туруктуулугун бекемдейт да ар кандай ооруларга бекем турууга шарт түзөт.

3. Хиджама веналардагы жана артериялардагы кан айлануу системасын жакшыртат. Коронавирус менен ооруган адамда бат эле микротромбор пайда болуп, кан айлануу жолдорун бекитип салат. Хиджама ушундай микротромтордун жана микротромторду пайда кылуучу кан клеткаларынан аарылтат.

4. Хиджама лимфа суюктугунун да мыкты айлануусуна шарт түзөт. Иммундук система өтө активдүү түрдө ишке киришип, өз ишин мыкты аткара баштайт.

5. Хиджама бардык органдардын активдүү жана күчтүү иштөөсүн камсыз кылат. Бул процесс адамга адаттан тышкары ыкмаларды жасаганда пайда болот
(ваакум, насечки, кандын чыгуусу ж.б)

6. Хиджама адамдын коргонуу функциясын активдештирет. Бул процесс Т жана В- лимфоциттеринин активдүү бөлүнүп чыгуусунун натыйжасында келип чыгат.

7. Хиджама кычкылтектин клеткаларга мыкты деңгээлде жетүүсүнө себеп болот. Пневмония учурунда ушул кычкылтектин аз жетип баруусунан улам адамдар каза болуп жатат.

8. Хиджама колдонулуп жаткан дары-дарымектердин эффективдүүлүгүн күчөтөт. Бул процесс кандын жакшы айлануусунун жыйынтыгында пайда болот.

9. Тканьдардын перфузиясын (өткөрүү функциясын) жана клеткалардын метоболизмин (заттардын алмашуу процессин) жакшырат.


10. Хиджамадан соң ангиогенез процесси ( кан тамырлардын мурунку абалына келүүсү) тез жүрөт жана кан суюк абалда кармалат. 


Хиджама кандай жерде жасалыш керек?


Атайын даярдалган бактерицидный лампалары бар, таза жана жарык болгон  хиджама кабинетте. 


Хиджамага колдонулуучу нерселер кандай болуш керек?


Бардык материалдар лезвиядан баштап салфеткага чейин милдеттүү түрдө стерилдүү жана бир гана жолу колдонулуучу болушу керек.  Хиджамага таянып, башка дарылануу ыкмаларын таштап койбоо керек. Хиджама ошол дарылануу ыкмаларына жардамчы гана болуп эсептелет.




Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн