Хирург Мамбет Мамакеевге Гиннес рекорддор китебинин сертификаты берилди. Бул тууралуу анын жакындары билдирген.
Хирург Мамбет Мамакеев хирург болуп эң узак иштеген дарыгер катары Гиннестин Рекорддор китебине кирген болчу. Бүгүн кол жеткис сыйлыктын диплому колуна келип тийди.
Мамакеев 67 жыл 181 күн хирург болуп иштегени үчүн 2020-жылдын 29-февралында рекорд катары катталган болчу. Дарыгер медицинага кошкон салымы жана күжүрмөн эмгеги үчүн Кыргызстандын ардактуу атуулу сыйлыгына да татыган.
Пикирлер (1)