Бугу 11, 2024
Убакыт: 21:46
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

“Хизбут-Тахрир” уюмунун Борбор Азиядагы маалымат таркаткан мүчөсү кармалды

01.06.2020 09:53
957
“Хизбут-Тахрир” уюмунун Борбор Азиядагы маалымат таркаткан мүчөсү кармалды

 

“Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун издөөдө жүргөн активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди.


Маалыматка ылайык, Ош облусунда, коңшу өлкөдө укук коргоо органдары тарабынан экстремисттик мүнөздөгү кылмыштар боюнча издөөдө жүргөн, “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун (ДЭУ) 49 жаштагы М.И. аттуу мүчөсү кармалды.


Ал “Хизбут-Тахрир” ДЭУ эл аралык медиа борборунун активдүү мүчөсү болгон жана Борбор Азия аймагына экстремисттик материалдарды жайылтууга жоопту болгон.


Анын жашаган жерин тинтүү учурунда ноутбук, интернет-модемдер, уюлдук телефондор жана сим-карталар табылып алынган. Ага карата 303-берененин 2-б, 2-п (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу) менен кылмыш иши ачылган. Кармалган адам УКМКнын Тергөө камак жайына киргизилген.


Маалыматка таянсак, кармалган адамды мындан ары кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн, белгиленген тартипте шериктеш компетенттүү органдарынын өкүлдөрүнө өткөрүп берүү боюнча маселеси каралууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн