Бугу 17, 2024
Убакыт: 10:27
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Human. Өмүрбек Бакиров талкуу жараткан сөзү боюнча жооп берди (видео)

04.06.2021 11:12
548
Human. Өмүрбек Бакиров талкуу жараткан сөзү боюнча жооп берди (видео)

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүбек Бакиров Human лаборатоиясынын аталышын жаңылыш айтып алгандан кийин пайда болгон талкуу боюнча жооп берди. 


"Урматтуу жердештерим!!!.

Кымбаттуу калайык калк. 

Мусулман бир туугандар. 

Азыркы учурда социалдык тармактарда менин саламаттыкты сактоо министрине сүйлөгөн сөзүм өтө чоң талкуу жаратып жатканына күбө болуп, бир чети таң калуу а бир чети өкүнүч менен кабыл алып турам.

    Эмнеси менен өкүндүрдү?. Азыркы күндө элибизде чынында чоң көйгөй болуп жаткан ПЦР анализдерди аныктап жаткан жеке лабораториялардагы баа экенин өлкөбүздөн чыгып-кирип жаткан мигрант боордошторубуздан башка жарандарга анчейин маанилүү эместиги талашсыз. Жана дагы алардын ишмердүүлүгүн көзөмөлгө алган бир да жан жоктой болуп, каалаганын кылып жаткандыгын көрүп турабыз. Деген менен ушундай чоң көйгөй жаралып жатканын көрүп, билип туруп кайра шылдың катары жазып жаткан биздин патриот жарандарыбызга эмне дейбиз?",- деп билдирүү калтырган депутат.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн