Бугу 17, 2024
Убакыт: 14:54
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

ID-картанын 2 миллионунчу ээси аныкталды

05.02.2021 12:36
464
ID-картанын 2 миллионунчу ээси аныкталды

Бүгүн, 5-февралда калкты тейлөө борбору-2де Бектур Алибаев идентификациялык картанын (ID-карта) эки миллионунчу алуучусу болуп, ага салтанаттуу түрдө паспорт тапшырылды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, Алибаевге паспортту жана белектерди Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Тилек Батырканов тапшырды.

Өспүрүм калкты тейлөө борборуна жаш курагы жеткендиги боюнча документтерин тариздетүү үчүн кайрылган. 17-февралда ал 17 жашка толот.

Паспорттун эки миллионунчу ээсинин айтымында, кызмат көрсөтүүлөр тез жана өз маалында жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, электрондук ID-карталарды киргизүү Кыргызстанда 2017-жылдын 1-майында башталган.

Долбоор KOICA (Korea International Cooperation Agency) менен биргеликте ишке ашырылган. Корея тараптан электрондук улуттук күбөлүктүн программалык камсыздоосу иштелип чыгарылган, сервердик жабдуулар жана 1,9 млн бланк берилген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн