Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 21:39
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

II Эл аралык “Коркут Ата” кинофестивалында Калипа Таштанова “Эң мыкты актриса” наамын жеңип алды

09.11.2022 16:01
2294
II Эл аралык “Коркут Ата” кинофестивалында Калипа Таштанова “Эң мыкты актриса” наамын жеңип алды




Бүгүн, 9- ноябрда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Түрк дүйнөсүнүн II Эл аралык “Коркут Ата” кинофестивалында көрсөтүлгөн “Үй сатылат” (реж. Таалайбек Кулмендеев) толук метраждуу тасмасынын башкы каарманы Калипа Таштанова “Эң мыкты актриса” наамына ээ болушу менен куттуктап, кинофестивалдын статуэткасын тапшырды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.


Алтынбек Максутов мындай сыймык алып келген кыргыз киносунун ийгилиги  таланттуу чыгармалардын жаралышына мыкты мотивация берип, кинофестивалы жалпы түрк дүйнөсүнүн киночуларынын башын бириктирген мыкты аянтчага айлвнып жатканын баса белгиледи. Ошондой эле Алтынбек Максутов Калипа Таштановага чыгармачылык ийгилик каалап, учурда кандай иштер менен алектенип жатканынан кабар алды.


Өз кезезинде, жолгушууга келген Т. Океев атындагы “Кыргызфильм” Улуттук киностудиясынын директору Акжол Бекболотов жана Калипа Таштанова министр Алтынбек Максутовго ыраазычылык билдирди. 


Эске салсак, аталган кинофестивалга жалпы 17 мамлекеттен киночулар катышып,  жалпы отузга жакын толук метраждуу жана документалдуу фильмдер сынакка  ат салышкан. 

Фестивалдын калыстар тобуна Кыргызстандан белгилүү кино режиссер Темир Бирназаров кирген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн