Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 18:22
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

ИИМ 11 айда 3,5 тоннадан ашык мыйзамсыз жүгүртүлгөн баңгизатты аныктаган

28.12.2021 14:43
899
ИИМ 11 айда 3,5 тоннадан ашык мыйзамсыз жүгүртүлгөн баңгизатты аныктаган

Ички иштер минисрлиги тарабынан 11 ай аралыгында мыйзамсыз жүгүртүүдөн 3,5 тоннадан ашык баңгизаттары алынган. Бул тууралуу  ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.


Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары тарабынан, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын расмий маалыматтары боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине (КЖБР) баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү чөйрөсүндө 1206 кылмыш жана жорук катталган.


Тактап айтканда, ыкчам-тергөө аракетердин негизинде мыйзамсыз жүгүртүүдөн 3 тонна 605 кг 059 гр баңгизаттар, психотроптук заттар жана прекурсорлор алынган., анын ичинен: апийим - 20 кг 036 гр, героин - 6 кг 131 гр, гашиш - 217 кг 135 гр, марихуана - 290 кг 556 гр, кара куурай - 326 кг 982 гр, прекурсорлор - 2 тонна 469 кг 460 гр., психотроптук заттар – 11 кг 055 гр., фармацептикалык дарылар - 21 гр, апийимдин магы - 66 гр., башка баңгизаттар - 236 кг 506 гр.

2021-жылдын 11 ай ичинде баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенген 13 чет мамлекеттик жарандар кармалып (Тажикстан Республикасы, Өзбекстан Республикасы – 4, Россия Федерациясы-3, Пакистан Ислам Республикасы - 1, Америка Кошмо Штаттары – 1), алардан жалпы 670 кг ар кандай баңгизаттар аныкталып, алынган.


Мындан сырткары, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы эл аралык уюмдар (БУУ БКБ, ЖККУ, ШКУ, ЕБ, ЕККУ, ЦАРИКЦ ж.б.) менен тынымсыз өз ара аракеттенип, ошондой эле Россия, Өзбекстан, Таджикстан, Казахстан, жана башка жакынкы коншулаш чет мамлекеттердин Ички иштер министрлиги менен бул багыттагы эки тараптуу кызматташтыкты бекемдеп келет.


Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы - Кыргызстанда баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча жалгыз кызмат болуп саналат. 


Дал ушул, БМЖККК кызматкерлеринин эмгегинин аркасында баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөштү уюштуруу боюнча ар кандай иш чаралар көрүлүп, баңгичиликтин алдын алуу багытында иштер жүргүзүлүүдө.

Урматтуу жарандар! Сизге белгилүү болгон баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү фактылары жөнүндө маалымат (сатуу пункттары; аларды сатууга катышкан жактар; баңги заттары тууралуу маалымат жайгаштырылган интернет-ресурстар) болсо, ИИМдин БМЖКККнын Нөөмөт бөлүмүнө билдирсеңиздер болот тел.: (0312) 66-02-44.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн