Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 13:52
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

ИИМ: 20га жакын социалдык тармактын колдонуучусу улуттук аралык кастыкты козутуучу билдирүү жарыялаган

23.09.2022 10:20
431
ИИМ: 20га жакын социалдык тармактын колдонуучусу улуттук аралык кастыкты козутуучу билдирүү жарыялаган

Ички иштер министрлиги өлкөнү туруксуздаштыруу максатында чагымчыл жана башка материалдарды тараткандар мыйзамдын негизинде кылмыш жоопкерчилигине тартыла тургандыгын эскертет.


Белгиленгендей, ИИМ жарандарды социалдык тармактарда расалык, этностук¸ улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты козутууга (араздашууга) үндөгөн чагымчыл материалдарды бөлүшпөөгө чакырат.


"ИИМ жана анын бөлүктөрү мындай чагымчыл материалдарды тараткандарды аныктоо боюнча чараларды көрүп жатат. Акыркы күндөрү социалдык тармактарда улуттар аралык кастыкты козутууга түрткөн билдирмелер активдүү жарыяланууда. Алсак, 20га жакын социалдык тармактын колдонуучулары агрессивдүү түрдө улуттар аралык кастыкты козутууга (араздашууга) алып келген билдирүүлөрдү жарыялашкан", - деп айтылат маалыматта.


КР ИИО кызматкерлери тарабынан социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда жогорудагы жарандар аныкталып, ички иштер органдарынын тергөө кызматтарына жеткирилишкен. Алар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, тергөө амалдары өткөрүлүүдө.


Учурда өлкөдө жана чек арага чектешкен аймактарда коомдук-саясий абал туруктуу. Күч түзүмдөрү коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча иштерди жогорку деңгээлде жүргүзүп жатат.


Ички иштер министрлиги аймактар жана улуттар аралык кастыкты козутууну көздөгөн жарандар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси ("Расалык, этникалык, улуттук, диний же аймактык кастыкты козутуу") боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын эскертет.


Белгиленгендей, мыйзам бузууларга, чагымчылдык жасоого аракеттенүүгө, коомдук тартипти бузууга байланышкан жагдайлар аныкталса, мыйзам чегинде чаралар көрүлөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн