Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев чет өлкөлүк студенттерден өзгөчө ири суммадагы акчаны талап кылган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, козголгон кылмыш ишинин алкагында чет өлкөлүк студенттерден өзгөчө ири суммада (110 000 АКШ доллары) пара алып жаткан жеринен Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев кармалды.
Тергөө амалдарынын негизинде кошумча маалымат берилет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн