Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 06:49
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

ИИМ: Баңгизатка байланышкан бир нече кылмыш ишинин бети ачылды

ИИМ: Баңгизатка байланышкан бир нече кылмыш ишинин бети ачылды

Кыргыз Республиканын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызматынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан баңгизаттарды мыйзамсыз жайылтууну, сактоону аныктоого, токтотууга багытталган атайын операцияларды ийгиликтүү аякташты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады. 


2020-жылдын 13-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 268-беренеси боюнча козголгон сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында жүргүзүлгөн атайын тергөө аракеттеринин натыйжасында ИИМдин  БМЖКККнын башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Ысык-Көл районунун  аймагынан 2001-ж.т., К уулу Э. аттуу жаран кармалып, ага өздүк кароо жүргүзүү учурунда чөнтөгүнөн  баштыкка оролгон, өзгөчө кендир жыты бар каражат табылып алынган.


Соттук-химиялык изилдөөнүн корутундусуна ылайык, табылып алынган каражат 45 грамм «гашиш» жана 150 грамм «марихуана»  баңгизаты экендиги аныкталган.

2020-жылдын 19-ноябрында «Притон» атайын операциясын жана тинтүү амалдарын жүргүзүүнүн натыйжасында   кызматтык итти пайдалануу менен Аксу районунун   Теплоключенка айылында жашаган 1961-ж.т., П.В. аттуу жарандын  үйүндөгү чатырынан    баштыкка оролгон өзгөчө кендир жыты бар каражат табылып алынган. Алынган «марихуана» баңгизаты 4 килограмм 800граммды түзгөн.


Мындан тышкары, ошол эле күнү   кызматтык итти пайдалануу менен тинтүү жүргүзүү учурунда  1984-жылы туулган  К.Э. аттуу жарандын  Аксуу районунун  Ичке-Жергез айылында жайгашкан кароосунан өзгөчө кендир жыты бар бир кап зат табылып  алынган. Мыйзамсыз жүгүртүүдөн  5 килограмм  «марихуана» баңгизаты алынган.   Жогорудагы бардык факты боюнча табылып  алынган баңгизаттын жалпы салмагы 9 кг 995 граммды түздү.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн