ИИМдин БМЖКККсы Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте Октябрь райондук муниципалдык администрациясынын имаратында бажы кызматынын, УКМКнын, чек ара жана жазаларды аткаруу кызматынын,
билим берүү, саламаттыкты сактоо министрликтеринин, “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын, Бишкек шаарынын муниципалдык администрацияларынын, райондук ички иштер башкармалыктарынын өкүлдөрүнүн
катышуусу менен баңгизаттарды жана акыл-эске таасир берүүчү активдүү заттарды колдонууну алдын алуу боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлады.
Кеңешменин катышуучулары бул тармактагы маселелерди көтөрүп аларды чечүү жана алдын алуу боюнча сунуштарын ортого койду.
Мындан сырткары катышуучулар Бишкек шаары боюнча учурдагы баңгизатка байланыштуу кырдаал тууралуу маалымат алышып, баңгизаттарды колдонуу тенденциясынын өзгөрүүсүнө тынчсызданууларын билдиришти.
Талкуулардын жүрүшүндө катышуучулар өсүп жаткан муунга дени сак жашоого жана башка альтернативалык эс алуулардын түрлөрүнө үгүттөө аларды тобокелдик жүрүм-турумга алып келбөөчү, ыймандык, гигиеналык ынанымдарын калыптандыраарына шыктандыраарын баса белгилешти.
Баңгичиликти алдын алуу маселесине бардык мамлекеттик органдарды тартуу деңгээлинде көңүл буруу зарылдыгы айтылды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн