Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 02:28
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

ИИМ: Базар-Коргондо милициянын көчмө кабылдамасы ишин улантууда

ИИМ: Базар-Коргондо милициянын көчмө кабылдамасы ишин улантууда

Базар-Коргондо милициянын көчмө кабылдамасы 10 айда 126 кайрылуу кабыл алган.  Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы кабралады. 


Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнүн милициянын көчмө кабылдамасы кылмыштуулуктун алдын алуу максатында профилактикалык иштерди жүргүзүп келүүдө. Ошондой эле район аймагында коронавирус илдетинин жайылуусуна бөгөт коюу багытында түшүндүрүү жумуштары алып барылууда. РИИБдин жетекчилик курамынан турган топ, милициянын көчмө кабылдама унаасы менен айыл аралап, жергиликтүү тургундардын арыз-даттануулары кабыл алынууда. 


2020-жылдын 10 ай ичинде милициянын көчмө кабылдамасы 110 жолу район аймактарына чыгып, элден 126 ар түрдүү маселелер боюнча кайрылуулар түшкөн. Анын ичинен 40 кайрылуу коопсуздук боюнча, 86 кайрылуу короновирус илдетине байланыштуу болгон. Кабыл алынган арыз-даттануулар тиешелүү тараптарга жөнөтүлгөн.


Мындан сырткары РИИБдин кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жугуштуу илдетке байланыштуу буга чейин дыйкан базарына, соода дүкөндөрүнө киргизилген чектөөлөрдү көзөмөлгө алышууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн