Кыргыз Республикасынын аймагында абал туруктуу жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан толук көзөмөлдөнүп жатат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Республика боюнча 2020-жылдын 17-ноябрынан 18-ноябрга карата Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 177 кылмыш, 139 жоруктар каттоого алынган. Кылмыштарды жана жоруктарды тыкыр иликтөө
үчүн тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.
Ички иштер органдары тарабынан кылмыштарды аныктоо, бетин ачуу жана бөгөт коюу
боюнча иштер уланууда. Республика аймагында укук бузууларды алдын алуу
жана кылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн