Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:47
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

ИИМ: Бишкек шаарынын мектептеринин окуучуларынын коопсуздугун камсыздоо чаралары жүргүзүлүүдө

07.12.2023 15:26
207
ИИМ: Бишкек шаарынын мектептеринин окуучуларынын коопсуздугун камсыздоо чаралары жүргүзүлүүдө


Бүгүн билим берүү мекемелеринин коопсуздугун камсыздоо жана коопсуздук чараларын жогорулатуу максатында Бишкек шаарынын Ленин райондук күзөт бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жалпы билим берүү мекемелеринин директорлору менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, иш-чарага Ленин райондук билим берүү борборунун башчысы Таалайгуль Темирканова катышып, чогулушта ИИМдин Күзөт кызматынын Ленин райондук күзөт бөлүмүнүн башчысы Алмаз Момбеков мектеп директорлоруна,  билим алуу учурунда окуучулардын, мугалимдердин жана кызматкерлердин коопсуздугун камсыздоодо, кылмыштуулукту алдын алууда куралдуу милиция аркылуу кайтарылышы канчалык пайдалуу экендиги жана Күзөт кызматынын ишмердүүлүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүздү.


Белгилей кетсек, азыркы учурда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын бөлүктөрү республиканын бардык аймактарында мектептерин милиция кызматкерлери менен кайтарууга өткөрүү чаралары жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн