Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 06:48
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

ИИМ: Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында тартип бузуулардын алдын алуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө

18.01.2021 10:03
604

Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынан коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу жана ар кандай багыттагы тартип бузуулардын болтурбоо максатында Бишкек шаарында жана Чүй облусунун аймагында атайын комплекстүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Аталган иш-чаранын алкагында криминалдык кырдаал толугу менен кылдат иликтенип, тартип бузуулардын алдын алуу, издөөдө жүргөн кылмышка шектүүлөрдү кармоо жана башка региондордон жана башка мамлекеттер тарабынан издөөгө алынган ыкчам маалыматтар менен иштөө, социалдык терс көрүнүштөрдү жараткан жашаган жери жок адамдардын, кайырчылардын укук тартибин бузбашын көзөмөлгө алуу, айрым бир шек жараткан обьектилерди да текшерүү жана милицияда каттоодо турган жарандар менен коомдук тартипти сактоо багытында иш жүргүзүлүүдө.

Аталган иш-чаранын жүрүшүндө укук тартибин бузгандарга мыйзам чегинде чаралар көрүлөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн