Кулжа 29, 2024
Убакыт: 00:52
USD
86.20
87.10
EUR
92.10
93.10
RUB
0.960
1.040

ИИМ: Чек арада абал туруктуу жана милициянын көзөмөлүндө (фото)

07.05.2021 09:49
848
ИИМ: Чек арада абал туруктуу жана милициянын көзөмөлүндө (фото)


2021-жылдын 7-майына карата Баткен облусунун аймагында, мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу. Бул аралыкта чек арага чектеш аймактарда түнкүсүн ок атышуулар менен башка окуялар катталган жок. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.


Чек арага чектеш айылдар милиция кызматкерлеринин толук көзөмөлүндө. Коомдук тартипти, жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча уюштуруучулук иштерге өзгөчө көңүл бурулууда. Чек ара тилкелеринде милиция жана ички аскерлердин аскер кызматчылары, башка күч түзүмдөрү менен биргеликте коопсуздук чараларын күчөтүп, жергиликтүү тургундарга ар кандай укук бузууларга жол берөө керектигин түшүндүрүүдө.  


 Андан сырткары, милиция кызматкерлери менен ички аскерлердин аскер кызматчылары күнү-түнү кызмат өтөп, кырдаалды жөнгө салуу боюнча чараларды көрүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Азыркы учурда чек арадагы абал тынч.  


  ИИОнун кызматкерлери жана ички аскерлердин аскер кызматчылары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп, коомдук тартип менен коопсуздукка өзгөчө көңүл бурууда. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн