Тазабек Икрамовдун пиар-менеджери депутаттардан опузалап акча талап кылган журналист Санрабия Сатыбалдиева кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка таянсак, 2022-жылдын жылдын 3-ноябрында 2000 АКШ долларын өткөрүп берүү учурунда 2016-2017-жылдардагы соцтармактарда жарыяланган аудиожазууларды шантаж кылуу жолу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынан акча каражатын туруктуу негизде талап кылган бир катар адамдар кармалган.
Кылмыштын негизги аткаруучусу болуп «МИР24.kg» маалымат порталынын башкы директору “С.С.К.” жана ошол эле учурда Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовдун пиар-менеджери болуп саналат.
Ошондой эле бул кылмышка көмөктөшкөндүктөрү үчүн шектелип «МИР24.kg» маалыматтык порталдын оператору - “Б.у.К.” жана “Жорго-Такси” компаниясынын айдоочусу Өзбекстан Республикасынын жараны “М.М.Х.” кармалышты.
Азыркы учурда КР Кылмыш жаза-кодексинин 208 беренесинде (Опузалап талап кылуу) каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Кармалган жарандар бул кылмышты жасагандыгы жөнүндө мойнуна алып, өз көрсөтмөлөрүн беришти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн