Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 15:25
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

ИИМ Ырыс Жекшеналиевге карата козголгон кылмыш иши тууралуу маалымат берди

15.08.2022 11:09
376
ИИМ Ырыс Жекшеналиевге карата козголгон кылмыш иши тууралуу маалымат берди

 Ырыс Жекшеналиевдин «Полит Узник» баракчасына жарыялаган маалымат боюнча кылмыш иши козголду. Бул туурасында ИИМдин Басма Сөз кызматы кабарлады.


Маалыматка ылайык, “Полит Узник” баракчасынын админстратору Ырыс Жекшеналиев Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына чакырылып Facebookка тараткан Абдил Сегизбаевдин маалыматы боюнча тергөөгө тиешелүү көрсөтмөлөрүн жооп берди. 


Аталган видео эки жыл мурдагы шайлоолорго байланыштуу экендиги аныкталды.


 «Полит Узник» баракчасындагы жарыяланган эски видео кээ бир активисттердин жана башка адамдардын жалган жана так эмес маалыматтарды таратуучулардын кызыкчылыгы, ошондой эле Жетим-Тоо кенинин айланасындагы абалды курчутуу максатында коомдук ой пикирди атайылап манипуляциялоога багытталгандыгы байкалат.


Аталган жагдайда кылмыштун курамы бар экендигине байланыштуу Кылмыш жаза Кодексинин 278-беренесинин (массалык баш аламандык-) 3-пунктуна (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) ылайык кылмыш иши козголуп, Бишкек ШИИББнын убактылуу кармап туруу жайына киргизилди. 

Учурда тергөө кызматы тарабынан тиешелүү ыкчам иш чаралар жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн