Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 02:31
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

ИИМ: Малдын катышуусу менен болгон жол кырсыктарына байланыштуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

ИИМ: Малдын катышуусу менен болгон жол кырсыктарына байланыштуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Акыркы кезде малдын катышуусу менен көп жол кырсыгы катталып жатканына байланыштуу Ысык-Көл ОИИБдин кызматкерлери  мал ээлерине түшүндүрүү ишетин жүгүзүүдө. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады. 


Аталган иш-чарага жергиликтүү башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен ЖКККБнын кызматкерлери чогуу иш алып барышууда. 


Аталган иш-чара жол кырсыктарынын санын азайтуу, алардын алдын алуу жана болтурбоо максатында жүргүзүлүп жатат. 

Учурда облустун автожолдорунда малдардын катышуусу менен жол кырсыктары орун алып жаткандыгын көӊүлгө алып, Ысык-Көл ОИИБ боюнча ЖКККБы жергиликтүү тургундарга кайрылып, аларды үй жандыктарына сак болушун,

мал айдап келүүнүн белгиленген тартибин бузбоого жана автожолдордо коопту кырдаалдарды түзбөөгө чакырып кетүүдө. Айдоочуларга да мал жайылып жаткан жерлерди, же болбосо алардын жолго кокусунан чыгып калуусун көрсөткөн жол белгилерине  автоунаалары менен жакындап жаткан учурда өтө сак болуп, жол кырсыгына учурабаш үчүн тийиштүү ылдамдыкты сактоо керек экендигин эскертишет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн