Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 01:32
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

ИИМ: Мыйзамсыз баңгизат саткандар кармалды

ИИМ: Мыйзамсыз баңгизат саткандар кармалды

ИИМдин БМЖКККнын Мобилдик ыкчам бөлүмдөрдүн башкармалыгынын кызматкерлери баңгизаттарды мыйзамсыз сатуу менен алектенгендерди  кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.


ИИМдин БМЖКККнын Мобилдик ыкчам бөлүмдөрдүн башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан баңгизаттарды мыйзамсыз сатуу менен алектенгендерди  аныктоо боюнча бөгөт коюуга багытталган  бир катар операциялары ийгиликтүү аяктады.


Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКККнын Мобилдик ыкчам бөлүмдөрдүн башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан баңгизаттарды мыйзамсыз сатуу менен алектенгендерди  аныктоо боюнча бөгөт коюуга багытталган  бир

катар операциялары ийгиликтүү аяктады.

Аталган факт КЖБРге Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 267-беренесинде (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери боюнча катталган.


Анын натыйжасында, Жалал-Абад облусунун Каракөл шаарында 1997-жылы туулган  Ш. уулу И. жана 2000-жылы туулган  Ж. уулу Т.  аттуу жарандар кармалып, аларга карата кароо жүргүзүү учурунда жанынан кара-күрөң түстөгү, өзөчө жыты бар зат табылып алынган.

Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, жогорудагы каражат жалпы салмагы 987  граммды түзгөн “гашиш”  баңгизаты  экендиги аныкталган.


Азыркы учурда шектүүлөр УКЖга киргизилип, сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн