Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 21:02
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

ИИМ: Мотоциклдин кыймылдаткычына жашырган баңгизат менен Токтогул районунун тургуну кармалган

17.03.2022 17:17
1282
ИИМ: Мотоциклдин кыймылдаткычына жашырган баңгизат менен Токтогул районунун тургуну кармалган


Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинде (Сатуу максатын көздөбөй, баңгизат каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын окшошторун мыйзамсыз даярдоо) каралган белгилер боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан республиканын түштүк аймагынан Бишкек шаарына каннабис тобундагы баңгизаттарды ташуу каналына бөгөт коюу боюнча атайын операция өткөрүлгөн.


Басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, “Чычкан” коктусундагы автоунаа постунда БМЖКККнын кызматкерлери Тергөө кызматынын, ЖККУнун жана Токтогул районунун ИИБнүн БМЖКККнын кызматкерлери менен биргеликте, Токтогул районунан Бишкек шаарына багыт алган, ак түстөгү “Хонда Степвагон” автоунаасы токтотулган. 


"Аталган автоунаага кароо жүргүзүү учурунда анын багаж бөлүгүнөн мотоциклдин кыймылдаткычы табылып, аны ачканда, ичинен 47 даана ширеңке коробкасы формасындагы, ачык-күрөң түстөгү, гашиш өзгөчө жытына ээ болгон, 650 гр. катуу зат табылып алынган", - деп айтылатмаалыматта.  


“Хонда Степвагон” автоунаасынын айдоочусу 1994-ж.т., Т.Н. аттуу жаран “Токтогул-Бишкек” каттамы боюнча жеке жүк ташуу менен алектенерин, бул кыймылдаткыч Чон-Арыктык “Кайрат” аттуу жигитке таандык экендигин жана ал акча төлөп аны Бишкек шаарына   жеткирүүнү сурангандыгын айткан. 


Т.Н. аттуу жарандын көрсөтмөсүнө ылайык көрүлгөн чаралардын натыйжасында, ошол эле күнү 1993-ж.т., Токтогул районунун жашоочусу  А.К. аттуу жаран кармалып, ал күнөөсүн моюнуна алуу менен көрсөтмө берген. 


Соттук-химиялык экспертиза дайындалып, мындан аркы ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн