Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 21:33
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

ИИМ Орхан Инанды табылгандан кийин кандай чара көрүүдө?

07.07.2021 13:36
585
ИИМ Орхан Инанды табылгандан кийин кандай чара көрүүдө?

Ички иштер министрлиги мындан бир ай мурун уурдалып, Түркиядан табылган Кыргызстандын жараны Орхан Инандыны издөө иштери тууралуу кенен маалымат таратты.


2021-жылдын 1-июнунда таңкы саат 4:20да Бишкектин Октябрь райондук милициясына 12-кичи райондо жайгашкан көп кабаттуу турак жайдын алдынан «Lexus GX470» үлгүсүндөгү автоунаа эшиктери ачык табылгандыгы боюнча маалымат түшкөн.


Окуя болгон жерге Октябрь РИИБнин ыкчам-иликтөө тобу барып иликтөө жүргүзгөн учурда автоунаа “Сапат” билим берүү мекемесинин башчысы Орхан Инандыга таандык экендиги аныкталган.


Анын уулу Ю.К. атасын таап берүү өтүнүчү менен милицияга арыз жазган. Арыз ээсинин маалыматы боюнча, Орхан Инанды жогорудагы автоунаа менен жүргөндүгүн жана акыркы жолу 31-май күнү болжол менен кечки саат 18:00 чамасында байланышка чыккан.


Жогорудагы факты Жазык кодексинин 170-беренеси боюнча (Адам уурдоо) кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.


Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында ИИМден, Бишкек шаардык милициясынан, Чүй ОИИББнын жана Октябрь РИИБнен ыкчам-иликтөө тобу түзүлүп, бөлүнгөн аймактар боюнча Орхан Инандынын жүргөн жерин аныктоо иш-аракеттери жүргүзүлүп келген. УКМКнын Чек ара кызматына кайрылуу кат жөнөтүлүп, алардан Орхан Инанды чек арадан өтпөгөндүгү такталган.


Инандыны издөө иштери жалпы республика боюнча жүргүзүлүп келген. Тагыраагы, тоо этектериндеги аймактарда, дарыялардын нугунда жана каналдарда, талааларда, айыл чарба жерлеринде, таштанды төгүлүүчү жайларда жүргүзүлүп, ага ички иштер органдарынын миңден ашык кызматкери тартылган.


Курулуш аянтчалары, гараж кооперативдери, унаа токтотуучу жайлар, кароосуз калган имараттар, заводдор жана фабрикалар, токой тилкелери жана парк зоналары да текшерүүгө алынган.


Анын алкагында башка оор кылмыштардын жана жоруктардын бети ачылган.


Борбордук милиция кызматкерлери тарабынан 10434 объект, 3251 жеке менчик жана 6336 көп кабаттуу турак жай, 175 мейманкана, 91 курулуп жаткан объект, 377 көңүл ачуучу жай, 30 базар, 51 соода түйүнү, 31 сейилдөөчү жайлар, ошондой эле 88 унаа токтотуучу жайлар текшерүүгө алынган.


«Дайынсыз болуп жаткан Орхан Инандыны издөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө милиция кандайдыр-бир маалыматтарга ээ болушу мүмкүн болгон жарандар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. ИИМдин кызматкерлери тарабынан Орхан Инандынын жүргөн жерин аныктоо боюнча кеңири иштерди жүргүзүлдү. Сотко чейинки өндүрүш толугу менен Ички иштер министри Улан Ниязбековдун көзөмөлүндө болгон. Учурда Орхан Инандын кайда экендиги аныкталгандыктан, ИИМ анын дайынсыз жоголушуна багытталган жагдайлар боюнча мындан аркы ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүдө»,-деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн