Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 03:50
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

ИИМ: Республиканын аймагында абал туруктуу жана толук көзөмөлдө

05.11.2020 09:43
499
ИИМ: Республиканын аймагында абал туруктуу жана толук көзөмөлдө


Кыргыз Республикасынын аймагында абал туруктуу жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан толук көзөмөлдөнүп жатат. Ал эми, өлкөдө түзүлгөн кырдаалга байланыштуу ички иштер органдарынын кызматкерлери башка укук коргоо органдары менен бирге кылмыштарды аныктоо, бөгөт коюу жана бетин ачуу боюнча иштерди жүргүзүп жатышат. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. 


Анда айтылгандай, республика боюнча 2020-жылдын 3-ноябрга карата Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 198 кылмыш, 135 жоруктар каттоого алынган. "Кылмыштарды жана жоруктарды тыкыр иликтөө үчүн тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат. Ошондой эле, ички иштер органдарынын кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ыктыярдуу элдик коошундар менен биргеликте коомдук тартипти сактоону камсыздоо боюнча алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүдө", - деп айтылат ИИМ тараткан билдирүүдө. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн