Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 10:51
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

ИИМ Россияга ишке орношуу үчүн бара жаткан жарандарга чек арадан кирүү шарттары өзгөргөнүн билдирди

07.10.2022 10:11
623
ИИМ Россияга ишке орношуу үчүн бара жаткан жарандарга чек арадан кирүү шарттары өзгөргөнүн билдирди

 Ички иштер министрлиги Россия Федерациясына ишке орношуу максатында бара жаткан мекендештерге чек арадан кирүү эрежелерин эскертет. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.


Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Орусия Федерациясына ишке орношуу максатында келген Кыргыз Республикасынын жарандарына 2021-жылдын 1-июлундагы №274-ФЗ Россиянын «Россиядагы чет элдик жарандардын укуктук абалы жөнүндөгү» жана «Россиядагы мамлекеттик дактилоскопиялык каттоо жөнүндөгү» мыйзамдары күчүнө киргендигин маалымдайт. 


Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандары төмөнкүлөргө милдеттүү:

- Россия Федерациясына кирген күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде бир жолу манжа изин мамлекеттик каттоодон жана сүрөткө түшүүдөн өтүүгө;

- Россияга барганда 30 күн аралыгында баңгизат же дарыгердин көрсөтмөсү жок психотроптук каражаттарды колдонбойбу, жугуштуу жана ВИЧтен улам пайда болуучу оорулар бар же жок экенин аныктоо үчүн медициналык кароодон өтүшү керек;

- медициналык документтердин мөөнөтү аяктагандан кийин 30 күндүн аралыгында ИИМдин аймактык бөлүмүнө жаңыртылган медициналык документтерди көрсөтүп туруу керек.

Эгерде кыргызстандыктар бул талаптарды аткарбаса, алардын Орусиянын аймагында жүрүү мөөнөтү кыскарат.


Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Орусия Федерациясынын аймагына бара жаткан мекендештерге жогоруда аталган Федералдык Мыйзам менен таанышууну жана жаңы талаптарды сактоону сунуштайт.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн