Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 14:33
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

ИИМ: Руслан Бекназаров социалдык тармак аркылуу "Хизбут-Тахрир" экстремисттик уюмунун идеологиясына үндөгөн

14.09.2022 16:05
741
ИИМ: Руслан Бекназаров социалдык тармак аркылуу  "Хизбут-Тахрир" экстремисттик уюмунун идеологиясына үндөгөн

Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаров экстремисттик материалдарды таратууга шектелүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.


Интернет мейкиндигине мониторинг жүргүзүүдө “Фейсбук” социалдык тармагында Кыргызстанда тыюу салынган “Хизбут-Тахрир-аль-Ислами” экстремисттик-террористтик уюмунун идеологиясына үндөгөн материалдарды жайгаштырып, таратып жаткан аккаунт аныкталган.


Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу беренеси боюнча катталган.


Кылмыш ишинин алкагында 41 жаштагы Р.Б. (Руслан Бекназаров) аттуу жаран кармалып ИИМдин тергөө кызматына суракка чакырылды.


Эске салсак, Руслан Бекназаров Бишкектин Свердлов районунун акиминин орун басары кызматын аркалайт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн